Орусиялык блогер Ким Коршунов Кыргыз өлкөсүндөгү автоунаалардын, мобилдик телефондордун жана базардын баалары тууралуу видео чыгарды. Бул тууралуу блогердин YouTube каналынан көрүүгө болот.
Ал Бишкектен такси кызматкерлери, шаардыктар, смартфон жана компьютер сатуучулары менен баарлашуу жүргүзгөн.
"Кыргыз өлкөсүнө келиңиз. Бул жак абдан сонун. Бирок "Дордой" базары тууралуу айта албайм. Аң-сезимди кеңейтүү үчүн бул базарга барууга болот", - деп видеону Ким Коршунов жыйынтыктады.
Белгилей кетсек, блогердин YouTube каналында 2 миллион 900 миң катталуучусу бар жана Кыргыз өлкөсү тууралуу видеосун 240 миң көрүүчү көргөн.