Орусиянын Рязань шаарынын Лесной кыштагындагы ок-дары чыгарган заводдо жарылуу болуп 16 адам көз жумду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, заводдо жарылуу болгон убакта нөөмөттө 17 адам болгон. Тилекке каршы, алардын 16сы каза болуп, бирөө ооруканага жеткирилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуу техникалык процесстердин бузулушунан чыккан. Заводдун ичиндегилердин баары күйгөн. Жарылуудан кийин өрттү өчүрүү үчүн 170 куткаруучу жана 50 техника тартылган.