Улуу Британиянын 95 жаштагы ханышасы Елизавета II ооруканага түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Жазылган маалыматта, ал ооруканада бир күн жатып, алдын ала экспертизалардан өткөнү айтылат.
"Ханышанын саламаттыгына байланыштуу эч кандай кооптонуу жок. Буга чейин белгилүү болгондой, Елизавета II дарыгерлердин сунушу боюнча Түндүк Ирландияга болгон сапарын токтоткон.
Дарыгерлердин айтымында, ханышага узак убакыттагы эс алуу керек.
Букингем сарайынан билдиришкендей, учурда ханыша өзүн жакшы сезип жатат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ханыша Елизавета II тактыга 25 жашында, тагыраагы 1952-жылы 6-февралда атасы Георг VI каза болгондон кийин келген.