"Аянтта кийимдерин чечишти". Италияда стюардессалар нааразычылык акциясына чыгышты

Италиянын "Alitalia" авиакомпаниясынын стюардессалары анын жоюлушуна каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акция Римдин борборундагы Капитолий аянтынын алдында 50гө жакын стюардессанын катышуусунда өттү. Анда стюардессалар өздөрүнүн униформаларын чечишти.

Буга "Alitalia" компаниясынын жоюлушу, тагыраагы "ИТА" компаниясына кошулганы себеп болгон. Ал компания мурдагы кызматкерлердин бардыгын жумушка алган эмес.

Ошондой эле стюардессалар "ИТА" менен келишимге кол коюуга мажбур болгон кесиптештерине өздөрүнүн тилектештигин билдиришкен.

Белгилей кетсек, профсоюздар жумушчулардын "ИТА" менен аз өлчөмдөгү айлыкка келишим түзүүгө мажбур болуп жаткандарын белгилейт. Аны менен катар бийликтен жумуштан бошогондорго жөлөк пул берүүнүн мөөнөтүн беш жылга узартууну талап кылышкан.

Италиянын стюардессалары авиакомпаниянын жоюлушуна каршы флешмоб өткөрүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
juma_9191kg-gmail.com
2021-10-23 02:23:25
Голый болуп эле албаптырла
0
juma_9191kg-gmail.com
2021-10-23 02:23:59
Голый эле болуп албаптырда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан