Таласта токойдон жансыз денеси табылган эркек кишинин өлүмү. Өзгөчө оор кылмышка шектелип 44 жаштагы жаран кармалды

Талас облусунун Нуржанов айыл өкмөтүнө караштуу токойдон белгисиз адамдын жансыз денеси табылган жарандын өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде 21-октябрь күнү аталган кылмыштын бети ачылган.

"Өзгөчө оор кылмышка шектүү катары Талас шаарынын 1977-жылы туулган О.Н. аттуу жаран кармалып, Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда. Далил зат катары ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал алынган", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

19-октябрь күнү саат 09:30 чамасында Талас райондук ички иштер бөлүмүнө Нуржанов айыл өкмөтүнө караштуу МТФ аталышындагы аймактын түндүк тарабындагы токойдо белгисиз адамдын жансыз денеси жатат деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге Талас РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган. Текшерүү учурунда окуя болгон жерден тиешелүү кароо иштерин жүргүзүп, маркум Талас шаарынын 1973-жылы туулган тургуну экени жана денесинде бир нече жаракаттары бар экендигин аныкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан