Ош облусунун Араван районунда 9 жаштагы кызга ыплас иш-аракеттерди жасаганга шектелип, 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен Араван районунун Чекабад айыл өкмөтүнүн Төлөйкөн айылынын 32 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган.
"Арызда 21-октябрь күнү саат 12:30 чамасында 9 жаштагы кызын ошол эле айылдын тургуну 15 жаштагы өспүрүм бала үйүнө алып кирип сексуалдык мүнөздөгү ыплас-аракеттерди жасагандыгын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Шектүү 15 жаштагы Х.И. экендиги аныкталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Кечээ, 22-октябрда райондук сот анын баш коргоо чарасын карап чыгып, бир айга камакка алды", - деп билдирди басма сөз кызматынан.