Ырчы Адилет Жумабеков "Голос" сынагынын кийинки баскычына өттү

Орусиялык "Голос" телешоусунун 10-сезонуна катышып жаткан ырчы Адилет Жумабеков кийинки турга өттү. Кыргыз ырчысы катышкан долбоордун видеосу интернетке чыкты. Анда Адилет Жумабеков Boyz II Men тобунун "End of the Road" чыгармасын аткарган.

Кыргыз ырчысына калыстар тобунун мүчөлөрүнөн Дима Билан, Леонид Агутин, Александр Градский үчөө сахнага бурулуп, жаш аткаруучуну колдой тургандарын билдиришкен. Адилет өзүнө устат катары Дима Биланды тандап алган. Эми Адилет Жумабеков сынактын кийинки туруна катышат.

"Достор, куттуктоолор үчүн баарыңыздарга рахмат. Мен бактылуулуктан улам "жетинчи асмандамын", - деген билдирүү калтырган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Margana93
2021-10-23 16:53:47
Куттуктайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан