Американын Лос-Анжелес шаарындагы абройлуу киномаркетте (American Film Market) 8 кыргыз тасмасы коюлду

Дүйнөдөгү абройлуу киномаркетте (American Film Market) 8 кыргыз тасмасы көрсөтүлгөндүгүн кечээ, 11-ноябрда "Kyrgyz Club" (Кыргыз Клаб- кыргызстандыктардын АКШдагы коммерциялык эмес уюму) билдирет.  

 

Аталган  уюмдун билдирүүсүнө караганда кыргыз кино өндүрүшүнүн (киноиндустрия)  өкүлдөрү мындай иш-чарага биринчи ирет катышып жатат.

“ Бизде эми Кыргызстандын кинофильмдери  жаңы деңгээлге чыгышы үчүн кошумча эмнелер керек экендиги так түшүнүктүү болду. Чогуу иштөө боюнча сунуштар түштү.  Жаңы идея, сунуштарды  иштеп чыгып, анан аны дүйнөлүк кинорынокто атаандаштыкка туруштук берүүчү жаңы тасмаларды тартууда колдонобуз”,- дейт продюсер жана сценарист Тимур Чериков.

                    

Ал эми "Kyrgyz Club" уюмунун башчысы Айбек Хакимов: “Кыргыз маданиятын дүйнөлүк аренага чыгарууга аракет кылуудан жазбайбыз”,- дейт.

Эскерте кетсек, American Film Market тасмалардын, сценарийлердин жана идеялардын укугун сатып алуу-сатуу жаатындагы дүйнөдөгү ири кинорынок болуп эсептелет. Жана ал жерге 1 жылда дүйнөнүн ар тарабынан кино өндүрүшүнүн 8 миң өкүлү барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
future_kg
2013-11-12 09:50:23
Кыргыз киноиндуструясы дуйнону багынтат келечекте!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан