
Фильм тартуу учурунда кокустан режиссёр менен операторду
атып алган америкалык актёр
Алек Болдуин окуядан кийин үн катты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Окуядан кийин кандай нес абалда болгонумду, кайгырганымды жеткире алган сөз жок болуп турат. Бул трагедияны кантип болгонун айтып берүү үчүн полиция кызматкерлери менен тыгыз иштешүүгө даярмын", - деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.
Ошондой эле ал оператор кыздын жолдошуна жана үй-бүлөсүнө колдон келген жардамын бере турганын да кошумчалаган.
Актёр Алек Болдуин фильм тартуу учурунда кокусунан режиссёр менен операторду тапанча менен атып алган. Анда оператор кыз каза болсо, режиссёр учурда ооруканада оор абалда жатат.