Таластагы күйөөсүнүн колунан каза болгон келин. Маркумдун туугандары аны Ысык-Көлдө жерге беришти

Талас районуна караштуу Кара-Суу айылында күйөөсүнүн колунан каза болгон 37 жаштагы келин Ысык-Көл облусунан болот. Анын сөөгү ошол облуста жерге берилген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Окуя күйөөсү аялынын ортосундагы уруштан улам келип чыккан. Алардын үйлөнгөнүнө бир жыл толо элек болгон. Ортолорунда бала жок. Азыр шектүү камакка алынып териштирүү башталды", - деди басма сөз кызматынан.

17-октябрга караган түнү саат 03:50 чамасында Талас РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Анда 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү саат 03:30 чамасында Кара-Суу айылынын 1983-жылы туулган тургуну өзүнүн аялын өлтүрүп салгандыгы кабарланган.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барганда күйөөсү аялын ортодогу пикир келишпестиктен улам бычак менен сайып салганы аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Кылмышка шектүү катары маркумдун күйөөсү кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан