Кечээ, 11-ноябрда Бишкекте өз батиринде Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Вячеслав Раткин каза болду

Кечээ, 11-ноябрда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында, өзүнүн батиринде элчинин кеңешчиси, 60 жаштагы Вячеслав Раткин көз жумду. Бул тууралуу КРнын ИИМинин басма сөз кызматы билдирди.

                

Аталган басма сөздүн маалыматына караганда В. Раткин жүрөк оорусунан каза тапкан. Алдын ала божомолго караганда ал тромбоэмболия (кандын уюп, кан тамырды бүтөп калышы) оорусунан жабыр тартып, кардиологдордун көзөмөлүндө жүргөн. Кеңешчинин өлүмүн элчиликтин штаттагы врачы көрүп, аныктаган. "Тез жардам" кызматына чалышкан эмес. 

             

Соттук-медициналык экспертиза дайындалган,  мүмкүн бүгүн, 12-ноябрда кеңешчинин сөөгү мекенине жеткирилет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан