Түркмөнстандагы университеттердин биринде бардык студенттерден президент Гурбангулы Бердимухамедов жазган китептердин жок дегенде бирөөсүн жанында алып жүрүү талап кылынууда. Талапты аткарбаган студенттер окуу жайдан чыгарылышы ыктымал. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя өлкөдөгү Архитектура жана курулуш институтунда орун алган. Анда бардык студенттер өлкө башчысынын калемине таандык китептердин бирин өзү менен чогуу алып жүрүүгө милдеттендирилген.
"Деканат бардык студенттерге ушундай талап коюуда. Бизге студенттер күнүгө текшерилерин, эгерде кимдин жанында аталган китеп жок болуп калса окуу жайдан чыгарыларын эскертишти", - деп билдирген окуу жайдын атын атагысы келбеген студенти.
Муну менен катар университеттин айрым керектөөлөрүнө студенттерден акча чогултуп жатышканын, бир күн мурда эле сынып калган терезе мажбурлоо аркылуу студенттердин эсебинен оңдолгонун кабарлаган.
Белгилей кетсек, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов көп жылдан бери ар кандай темадагы китептерди жазып келет. Бүгүнкү күнгө чейин анын жалпы 60тан ашык китеби жарык көргөн. Акыркы жолу өлкө башчысынын "Менин апакай шаарым - Ашхабад" жана "Эгемендик биздин бактыбыз" аталышындагы 2 китеби сатыкка чыккан.