Ырчы Толгонай Арзыкеева сүйүктүүсү менен эки айрым жолго түшкөндүгүн ачыктады

Ырчы Толгонай Арзыкеева сүйүктүүсү менен эки айрым жолго түшкөндүгүн ачыктады. Ырчы бул тууралуу инстаграм баракчасына жазды.

"Бул менин акыркы билдирүүм. Акыркы убакта менин жеке жашоом тууралуу бир канча жагымсыз каттар келип жатат. Эгер силер уруксат берсеңер, мен бул боюнча кененирээк айтып берейин. Биз сүйүктүүм экөөбүз үч жыл аралыгында баш кошууну чечкенбиз. Бирок бул мамиле узакка созулган жок. Биз эки айрым жолго түштүк.

Ким кандай айтып, фантазиясында кандай ойлосо дагы мунун негизги себеби бири-бирибиздин мүнөзүбүздүн дал келбегендиги болду. Ооба, мыйзамдуу түрдө "аялы-күйөөсү" болуп, кол койгонго дагы жетишкенбиз, тилекке каршы эч кандай майнап чыккан жок. Ал кагаз мага маанилүү эмес.

Ошондуктан мындай маанилүү чечимди кабыл алуудан мурда алгач миң жолу ойлонуп, өзүңө "мен аны канчалык деңгээлде жакшы билем?", "мен өзүмдү бактылуу сеземби?" деген суроолорду беришиң керек. Азыркы учурда буга эч ким күнөөлүү эмес. Мен бардыгы үчүн ага жана анын үй-бүлөсүнө ыраазымын. Бул менин бул туурасындагы акыркы билдирүүм", - деп жазды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Gulina00
2021-10-24 10:22:56
Озун билесинда,турмуш оюнчук эмес,ысыгына,суугуна чыдаш кк.Копчулук ырчылар менин кыялымдагы мырзам деп жар салышат,жашап жашабай жатып тушунушпой калышат.
+12
rysik79
2021-10-24 10:27:29
Боло берет турмушта оссобенно кыргызда. Болбогондун бааары жакшылыка, Тагдыр деген мелодрама ушундай
+1
alimbek94
2021-10-24 10:36:13
Жубайлык мамилелердин чыныгы табияты, жубайлардын мүнөзү баш кошкондон кийин гана билинет. Ага чейин баары сонун боло берет.
+5
nazira...
2021-10-24 10:40:06
Ооба, сен башкача кызсың. Сен ал үй бүлөөнү мурун жакшы билип анан чечсең болмок. Атабеков татыктуу ал үй бүлөөгө, катынын аркасынан ээрчип алып "Соке кетсин, оштуктарга бербеш керек" деп кыйкырып площадда митингде жүрөт.экөөнүн Ата энелери кой, кечирим сурагыла деген эмес ошондо. Сен андай жолго барбайсын, андай уй бүлөөдөн эрте алыс болупсун. Катуу тийсем кечирип койгула.
+27
ainura220888
2021-10-24 11:21:20
Менимче сага гостиолдош кыргызстандагы той аш, шаан шокот тоскол болду. Жигит Америкада журот. Ата энеси америкада. Озунун балдарынын келечеги учун кетсен болмок. Эрлан Андашев ошол жакта деле соонун хит ырдарды жаратып ататго. Эми тагдыр дейт. Ушунчалык суйунгон козунон жайнаган отту корбодум болчу. Коздуу мончок жерде калбайт. Кыжалат болбо
-8
BISHKEK-312
2021-10-24 13:01:05
Артисттердин жашорсу жашоо эместа.
+3
bond02
2021-10-24 13:58:39
Жолунду ачып алыпсын эми эркектин коп турун коросун го эми.
+7
Munir81
2021-10-24 15:36:02
10жолу ажырашпайбы неси кызык анын
+5
JaneEr
2021-10-24 15:50:25
Счастья любит тишину...
+2
Alfiya
2021-10-24 20:57:17
Уйлонушкон беле?
-2
Turdueva
2021-10-24 21:14:42
Коздуу мончок жерде калбайт
+2
sezima93
2021-10-25 03:05:48
Оо Аллахым ушул жерде жаман соз жазган ар Бир кыргыз жигитине кыздарына ыйман Бер Аллахым ушул жаман соз чыккан оозунан келме тушпой калсын оомин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан