Суусамырда эки унаа сүзүшүп, 2 адам каза болуп, дагы 10 киши ооруканага жеткирилди

Суусамыр өрөөнүндө Toyota Estima менен Toyota Camry үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кырсыктын кесепетинен жеринде 2 эркек адам каза болуп, 10 адам жабыркаган. Алардын бешөө эркек, төртү аял киши бирөө жашы жетелек кыз. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Жерине ӨКМдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматы жана жолдо бараткан унаалар аркылуу Кара-Балта шаардык ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BISHKEK-312
2021-10-24 13:57:53
Эстимада жети кишини тыгып алып басканда жаны барынча, стептен айырмасы жок айдашат ахмактар.
+1
BISHKEK-312
2021-10-24 13:58:56
Эстима встречкага чыкса керек жүз пайыз, себеби алар постоянно шашылыш жүрүшөт!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан