Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу. 3-орун үчүн болгон Талас менен Ысык-Көл облустарынын беттеши башталды

Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунун 3-орун үчүн болгон Ысык-Көл менен Талас облустары арасындагы беттеш старт алды.

Оюн Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан "Белек" ат майданында өтүүдө.

Эске салсак, Талас облусу жарым финалдык беттеште Ош облусуна 1:0 эсебинде жеңилип калган.

Ал эми Ысык-Көлдөн келген команда жарым финалда Чүй облусуна 6:1 эсеп айырмачылыгында утулуп, финалдык баскычка өтө албай калган.

Белгилей кетсек, бул күндөрү көк бөрүнүн 25 жылдыгына карата 7 облус 2 шаар форматында өлкө чемпиондугу өтүүдө. Мелдешке өлкөнүн 7 облусу менен Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан