"Мүнөтүнө 500дөн 5000 сөзгө чейин окуса болот". Тренер Бекмурза Юнусов тез окуунун ыкмаларын айтып берет

Тез окуу - бул тексттик маалыматты тездетилген темпте өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү. Адатта адам баласынын окуу ылдамдыгы мүнөтүнө орто эсеп менен 120-180 сөздү түзөт. Атайын көнүгүүлөрдү аткаруу менен аны бир канча эсеге өстүрүүгө толук мүмкүн. Башкача айтканда, мурда 1 китепти окууга кетирген убакытта эми 3-4 же андан көп китеп окууга болот. Тез окуу менен катар маалыматтын маани-мазмунун, деталдарын толук түрдө түшүнүүгө мүмкүн. Тез окуунун бүгүнкү күндөгү орду, натыйжалуулугу, анын пайдасы жана ыкмалары туурасында тез окуу боюнча тренер Бекмурза Юнусов айтып бермекчи.

"Тез окуу - бул жөндөм, аны ар бир адам үйрөнө алат. Тез окуу - бул тексттик маалыматты атайын окуу ыкмаларын колдонуу менен тез түшүнүү. Биз дайыма окуганыбызды кулагыбыз менен угуп, түшүнүп келсек, тез окуу менен көрүү аркылуу мээбизге маалыматты ыкчам түрдө жеткире алабыз.

Тез окуунун пайдалары: аз убакыт ичинде көп маалымат алуу, убакытты үнөмдөө жана көзүбүздүн көрүү талаасын кеңейтүү, жакшыртуу. Биздин мээбиз бат кабыл алганды жакшы көрөт жана статистика боюнча, мээ мүнөтүнө 600-700 сөздү күтөт. Биз болсо 150-200 сөздү окуп коюп, калган боштукту башка керексиз маалымат менен толтуруп салабыз. Айрым окурмандар тез окуунун ыкмаларын туура эмес үйрөнүп алып, өзүнүн убактысын коротуу менен маалыматты так түшүнбөй, бул тараптан жөндөмүн ача албай калышат.

Тез окууну үйрөнүүдөн мурун, алгач мээбиз менен мамиле курушубуз керек. Кадимкидей мээни эркелетип, ага көңүл бөлүп, маалыматтарды жөнөтүп турсак кабыл алуубуз да ошончо жакшырат.

Тез окууну өздөштүрүүнүн көптөгөн ыкмалары, көнүгүүлөрү бар. Алардын ичинен карандаш жана эки-үч сөздү бир карап окуу ыкмалары. Карандаш ыкмасында, карандашты оң тарапка бат-баттан жылдырабыз, көзүбүз карандаш менен бирдей ылдамдыкта сөздөрдү көрүп, кыймылдоосу керек. Экинчиси, эки-үч сөздү бир карап окуйбуз, алгач түшүнүк 10 пайыз гана болушу мүмкүн, бирок машыгуулардын натыйжасында толук түрдө түшүнө алсак болот. Эң алгач китеп окуурдан мурун анын мазмунун карап чыгып, бир убакта бир сап, бир абзац жана бир беттен окуу менен ылдамдыкты тездетебиз.

Статистикалык маалыматтарга караганда, дүйнөнүн 97 пайызы жай окугандар. Алардын көбү баштаган китебин аягына чыкпай таштап коюшат, анткени жай окуганда мээ зээригип кетет. Тез окуу да спорт сыяктуу, машыгып турбасаң ылдамдык төмөндөп кетет.

Өлкөбүздө 2020-жылдан бери тез окуу курстары өз кулачын жайып келет. Бирок көпчүлүк тез окууга ишенбей, күмөн санашат. Себеби 12-14 күндө эле тез окууну үйрөнүп алышып, мугалим болуп кеткендер бар. Муну мен жамандоо катары айтпайм, болгону биз, тез окуу мугалимдери өзүбүздү өнүктүрүп, сапаттуу үйрөтсөк жакшы болмок. Дагы бир себеби айрым окурмандар алгач эмоцияга алдырып, так максатсыз, чөлдөн суу издегендей келип алышат.

Ыкмаларды туура колдонуу менен 500 сөздөн 5000 сөзгө чейин окуса болот. Мен 200дөн ашуун окуучу бүтүрдүм. Дээрлик бардыгы мүнөтүнө 500-1000 сөздөн жогору окушту. Эң алдыңкылары 170 миң жана 200 миң сөз окугандар. Демек, тез окууда чек жок, ар бир адамдын колунан келет", - дейт Бекмурза Юнусов.

Ошондой эле ал тез окуу ар тараптуулуктун жана өнүгүүнүн универсалдуу ачкычы экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек,1878-жылы француз врач-офтальмологу Луи Эмиль Жаваль көздүн көрүү талааларынын кеңейиши жана көз аркылуу маалыматтардын тез арада мээге жеткирилиши тууралуу, жалпысынан тез окууга багытталган изилдөөлөрү менен "тез окуу" түшүнүгүн илимге алгачкылардан болуп киргизген. Ал эми тез окуу боюнча биринчи курс 1925-жылы АКШнын Нью-Йорк штатындагы Сиракьюс университетинде ачылган.

1989-жылы 9-сентябрында тез окуу боюнча биринчи расмий эмес рекордду 16 жаштагы Евгения Алексеенко көрсөткөн. Ал мүнөтүнө 416 250 сөз окуп, эң майда деталдарын жоготпой кайра айтып бере алган.

Саид Нурси, Син Адам, А.С.Пушкин, Ванда Норт, Франклин Рузвельт, Жон Кеннеди тарыхта окуу ылдамдыгы жогору болгондордун катарына кирет.

Ал эми орусиялык Светлана Архипова мүнөтүнө 60 000 сөз окуп "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dilbek
2021-10-24 21:19:46
Койсон каяктагы жалган нерсени айта бербей.
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан