Өрттүн себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык. Бишкекте турак үйдө өрт чыгып эркек киши каза болду

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрттөн бир эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 23-октябрь күнү саат 04:02 чамасында Ленин районунун Дэн-Сяопин көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдүн батиринин уктоочу бөлмөсүнөн өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен бир эркек киши каза болгон. Учурда аты-жөнү такталууда. Өрт таңкы саат 04:52де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан