Талас облусу көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунда 3-орунду жеңип алды. Сокулук районундагы "Белек" ат майданында өтүп жаткан мелдеште Талас облусу 3-орун үчүн Ысык-Көл облусу менен беттеш өткөрдү.
Беттештин алгачкы бөлүгү 3:0 эсебинде Талас облусунун пайдасына жыйынтыкталды. Оюндагы улактарды Майрамбек Рыспеков, Кушчубай Илис уулу жана Таластын 2 оюнчусу кош колдоп ыргытып команданы алдыга алып чыгышты.
Ал эми 2-бөлүктө Таластын көк бөрүчүлөрү эсепти 8:0гө айлантууга жетишти.
Анда Өмүрбек Эсен уулу 3 жолу өзгөчөлөнсө, Майрамбек Рыспеков 1 улак таштап үлгүрдү.
Ысык-Көл облусунун улакчылары акыркы бөлүктө 3 улак таштап ортодогу эсеп айырмачылыгын кыскартууга аракет жасашты. Анткен менен беттештин негизги убактысы аяктап, Талас облусу 8:3 эсебинде жеңишти камсыздашты.
Эске салсак, көк бөрү спортунун 25 жылдыгына карата өтүп жаткан өлкө чемпиондугу 18-октябрда башталган. Ага өлкөнүн 7 облусу менен Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар катышууда.