Бишкекте өрт өчүрүүгө бара жаткан ӨКМнын унаасы кырсыкка кабылды

Бишкекте ӨКМнын унаасы менен Хонда Фит унаалары сүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн, 24-октябрь күнү эртең менен болгон. Анда Байтик баатыр көчөсү менен өрт өчүрүүгө кетип бара жаткан ӨКМнын унаасы менен жеңил унаа сүзүшкөн.

Хонда Фит унаасын 27 жаштагы кыз киши башкарып бара жаткан.

Кырсыктан кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу шаардагы ооруканага жеткирилген. Учурда унаалар айып короо жайына токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Boru-89
2021-10-24 15:04:27
Гарантия Фит куноолу тем более кыз экен рульда,Сирена мн кетип жаткарда жол бошотушпайтда
+2
Taalaibek.
2021-10-24 19:17:15
Тажырыйбасы жок айдоочуларды алышат ӨКМ.
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан