Чүй облусу көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунда 1-орунду жеңип алды. Аталган команда финалдык беттеште Ош облусун 8:2 эсебинде утуп өлкө чемпиону аталды.
Оюндун 1-бөлүгүндө Чүй облусунун көк бөрүчүсү Аскат Аскаров атаандаштын тай казанына 2 жолу улак таштап командасын алдыга алып чыгууга жетишти. Ошону менен алгачкы бөлүк 2:0 эсебинде Чүйдүн пайдасына аяктады.
2-бөлүк салымдарга бай өтө кызыктуу болду. Оюн башталары менен Чүй облусунун дагы бир улакчысы Султан уулу Кубаныч үчүнчү салымды таштады.
Андан соң Ош облусунун катарынан Манас Ниязов улак салып ортодогу эсеп айырмачылыгын кыскартууга аракет кылды.
Анткен менен Аскат Аскаров кайрадан өзгөчөлөнүп өнөктөшү менен биргеликте кош колдоп улак ыргытып, эсепти 4:1ге айлантты.
Көп өтпөй Улан Насакеев Чүй облусунун пайдасына дагы бир упайды жазып 5-улакты салууга жетишти.
2-бөлүктүн акыркы мүнөттөрүндө Бабыш Султанбеков Ош облусу үчүн 2-улакты салып эсепти 5:2ге кыскарткан.
Бирок бир канча көз ирмем өтпөй эле Аскат Аскаров өзүнүн 4-улагын командасы үчүн 6-улакты таштап 6:2ге айлантып койду. Муну менен оюндун 2-бөлүгү да Чүй облусунун пайдасына жыйынтыкталды.
3-бөлүк дагы эки тараптын чабуулдук аракеттери менен башталды. Анткен менен Ош облусунун көк бөрүчүлөрүнүн чабуулдары оңунан чыкпай, Чүй облусунун Султан уулу Кубаныч баштаган улакчылары кайрадан өзгөчөлөнүп дагы 2 улак таштап кетишти. Жалпы беттеш 8:2 эсебинде аяктап, Чүй облусу өлкө чемпиону аталды.
Эске салсак, көк бөрү спортунун 25 жылдыгына карата өтүп жаткан өлкө чемпиондугу 18-октябрда башталган. Ага өлкөнүн 7 облусу менен Бишкек жана Ош шаарларынан келген 9 команда катышты.