Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунун финалдык беттеши башталды. Анда 1-орун үчүн Чүй жана Ош облустары күч сынашат.
18-октябрда башталган мелдеште Чүй облусу Нарын облусу жана Бишкек шаарынын командалары менен "А" тайпасында ат салышып, суурулуп чыккан. Жарым финалда Ысык-Көл облусу менен кез келип, 6:1 эсебинде жеңүү менен финалга чыккан.
Ал эми Ош облусу Ош шаары жана Жалал-Абад облусу баштаган командалар менен "С" тайпасында оюн өткөрүп жеңип чыккан. Жарым финалда Таластан келген команданы 1:0 эсебинде утуп алышкан.
Эске салсак, көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу Чүйдүн Сокулук районундагы "Белек" ат майданында өтүүдө.