Чүй облусунун Аламүдүн районунда эркек кишинин жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чоң Чүй каналынан белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Аламүдүн райондук ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, суудан болжол менен 45-50 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.