Интернетте үйлөнүү той учурунда бир жаш жигиттин аң уулоодо колдонулган мылтыктан асманга 2 ирет ок чыгарган видеосу тарады. Кыска тасманы Мурсалов Ислам аттуу Инстаграм колдонуучусу бөлүшкөн.
Анда тойдо адамдар бийлеп жатканда чатырда турган үч жигиттин бири ок атуучу куралдан асманга ок чыгарганын көрүүгө болот. Видео тасмадан окуя болуп жаткан аймак Чүй облусу экендиги байкалат. Бирок көп өтпөй ал видео тасманы бөлүшкөн колдонуучу жеке баракчасынан өчүрүп салган.
Белгилей кетсек, өлкө мыйзамдарына ылайык адамдар көп топтолгон жерде мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү жана андан ок чыгарууга тыюу салынат.