Өзбекстанда президенттик шайлоо аяктады. Анда 24-октябрь күнү кечки саат 20:00дө добуш берүү аяктаган. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.
Өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, добуш бергендер болжолдуу 80,8 пайызды түзгөн.
"Жалпысынан 20 миллионго жакын шайлоочу катталган. Коңшу өлкөдө 10 миң 760 шайлоо тилкелери ачылса, чет өлкөдө 100дөй шайлоо тилкеси иштеген. Жалпысынан 37 өлкөдө добуш берүү жайлары ачылып, Кыргыз өлкөсүндө 6 добуш берүү мекемеси ачылган", - деп билдирген БШКнын төрагасынын орун басары Бахрам Кочкоров.