Ысык-Көл облусунда айылдашынын коюн уурдаган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылынын тургуну Ысык-Көл РИИБине арыз менен кайрылып, түн ичинде короосуна белгисиз адамдар кирип, эки баш коюн уурдап кетишкенин айтып арызданган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаасы токтотулуп, текшерүү учурунда уурдалган койлор табылган. Кылмышка шектүү 20 жаштагы Т.Ы. жана 21 жаштагы Н.А. аттуу аталган айылдын тургундары кармалган.
Тергөө учурунда күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алып, жабырлануучуга келтирилген чыгымдарын кайтарып беришкен. Кылмышка шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери уланууда.