Кабулдун батыш тарабында ачкадан чарчап калган ата-энеси жок 8 баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, балдар Кабулдун 13-кварталынын айланасында үч жума мурун чарчап калышкан. Балдардын сөөгүн жергиликтүү молдо жана райондун тургундары жерге беришкен. Мухаммад Али Бамиани аттуу жергиликтүү молдо балдардын өлүмү боюнча кеңири маалымат берип, улуусу сегиз жашта, кичүүсү бир жарым жашар наристе экенин айтты. "Алардын ата-энеси каза болгон жана жакын туугандары жок болчу. Алар аябай ачка болуп, бүрүшүп калган", - деди.
Талиб өкмөтү Ооганстанда каза болгондор тууралуу комментарий бере элек. Бириккен улуттар уюму эгер гуманитардык жардам тез арада берилбесе, оогандыктар массалык ачарчылыкка дуушар болорун эскерткен. БУУнун агенттиктери кыш жакындап калгандыктан18 миллиондой оогандык тамак-ашка жана баш калкалай турган жайга муктаж экенин билдиришкен.
Эскерте кетсек, 15-августта "Талибан" кыймылы Ооганстандын бардык аймагында көзөмөл орнотконун жарыялаган. Мындан тышкары ооган аялдарынын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салгандыгы да кабарланган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.