"68 миң сом акчасын алып кеткен". Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын биринен уурулук фактысы катталды

Ысык-Көлдө эс алуучу жайдан акча жана телефон уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл РИИБине арыз менен Бишкек шаарынын тургуну А.Б. кайрылган. Ал Кара-Ой айылынын "Алтын-Жай" эс алуу жайынын ичинен сумкасындагы 68 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген. Аталган факты Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Ыкчам тергөө иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын 1984-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну кармалып, Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ысык-Көл РИИБи кармалган жарандан жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар телефон аркылуу кабарлап коюуну суранат

Байланыш телефону: 0551209889 жана 102", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан