Аскердик төңкөрүш учурунда Судандын борбору Хартум толугу менен мобилдик байланышсыз жана интернетсиз калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, стационардык телефон кызматы да жок. Ал эми өлкөнүн премьер-министри Абдалла Хамдук үй камагына алынган.
Хамдуктан тышкары, белгисиз аскерлер Хартум штатындагы дагы төрт министрди жана жогорку даражалуу чиновниктерди камакка алышкан. Армия ошондой эле көпүрөлөрдү тосуп, борборго бардык кире бериштерди тоскон. Камоолор уланууда.
Эгемендүүлүк кеңешинин төрагасы Абдель Фаттах аль-Бурхан өлкөдө болуп жаткан окуяларды түшүндүрүп билдирүү жасары күтүлүүдө.
Буга чейин, 21-сентябрдын таңында Al Arabiya телеканалы Суданда төңкөрүш аракети жасалганын кабарлаган.