Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти
Маалыматка ылайык, 25-октябрга караган түнү саат 00:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында (Кант району) Toyota Ipsum менен Ауди 100 кагышкан.
Жол кырсыгынан жалпысынан сегиз адам жабыркады. Ауди 100 унаасынын 21 жаштагы айдоочусу ооруканага жетпей каза болгон. Каза болгон жарандын, жабырлануучулардын аты-жөнү жана кырсыктын себеби такталууда.