18-октябрдан 24-октябрга чейин 3196 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.
51 айдоочу унааны мас абалында башкарган;
1298 айдоочу катуу ылдамдыкта айдаган;
30 айдоочу документи жок унааны башкарган;
60 унаа айып төлөөчү жайга киргизилди.
Чүй ОИИББинин жол кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин бузбоого чакырат.