Интернетте үйлөнүү той учурунда бир жаш жигиттин аң уулоодо колдонулган мылтыктан асманга 2 ирет ок чыгарган видеосу Буденовка айылында болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Асманга ок чыгарган жигит 1999-жылы туулган М.И. аттуу жаран. Ал инисинин үйлөнүү тоюнда атасынын куралы менен эки жолу ок чыгарган. Аны ошол жерде жүргөн достору видеого тартып алып, социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган. Учурда милиция кызматкерлери бардык жагдайларды иликтеп, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.