Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-октябрда Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, болжол менен саат 21:30 чамасында Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран “жардам берип коюңуздар” деп жүгүрүп келген.
Кызматкерлер маалыматты тактаган учурда, 2004-жылы туулган Д.Ж. аттуу жаран Айфон 7 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жарандар күч колдонуп тартып алып андан ары качып кеткендиги кабарлаган.
Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Р.Б. аттуу жаранды кармап, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына жеткиришкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.