Ош облусунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерин сүзүп, белгисиз тарапка из жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-октябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 664-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Фурхат айылында 1988-жылы туулган Б.А. аттуу инспектор кызматтык милдеттин аткарып жаткан убакта Мерседес-Бенц сүзүп, андан ары из жашырган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 21-октябрь күнү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынан Мерседес-Бенц унаасы табылган. Унаа убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал эми анын айдоочусу 2004- жылы туулган М.Т. унааны сырдап, урунган жерлерин түздөтүп айдап жүргөн жеринен кармалган.