Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркмөнстанда эки күндүк мамлекеттик расмий иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катчысы Берик Уалиге шилтеме берүү менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анда ат комплексине баруу учурунда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Токаевге таза кандуу ахалтеке аргымагын белек кылды.
Маалыматка ылайык, Ашхабаддагы ат комплексине болгон сапарда Гурбангулу Бердымухамедов асыл тукум аргымактан сырткары күчүк дагы белек кылган.