Унаанын капотуна жабышкан аял, ага карабай унааны зуулдаткан күйөө. Милиция иш козгоду

Бишкекте унаанын капотуна аял кишини жармаштырып алып айдап кеткен кишинин видеосу тарады. Бул окуя боюнча бүгүн, 25-октябрда Ленин РИИБинин маалымат кызматы комментарий берди.

"16-октябрь күнү Ленин РИИБине арыз менен М.Н. аттуу аял киши кайрылып, 15-октябрь күнү саат 15:00 чамасында күйөөсү унаасынын капотуна жармашып турганына карабай айдап барып токтотконун айткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Териштирүү иштеринде аялдын күйөөсү күч колдонуп баласын унаага салып алып кетүүгө аракет кылган. Бирок ал ага жол бербөөгө аракет кылып унаанын капотуна жармашканын ага болбой жолдошу унаасын айдап кеткени айтылган.

Ал эми териштирүүдө аялдын күйөөсү ошол күнү аялы менен жолукканын, анда алар шаардагы соода борборунан уулуна кийим алып берүү үчүн бара жатышып, жолдо уруша кетишкенин айткан. Мындан улам уулун алып кайра аялына 3 сааттан кийин жеткирип бергенин айткан.

Ленин РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bishkek-Kg
2021-10-25 17:13:51
Эхх эркектер
-3
Asmat84
2021-10-26 10:56:03
Өзүңдө күнөө да балага кийим кече алып бергенден кийин 3 саата кайра алып барып берем дегенден кийин жөн эле берип койсоң болот да ал атасы экен сагынгандыр баласын
0
Baatirbek81
2021-10-26 21:25:12
Далбаёптор көбөйдү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан