Кытайда учуучу автоунаа пайда болду

Кытайдын "XPeng" автоунаа өндүргөн компаниясы айдоого гана эмес, учууга да жөндөмдүү унаанын прототибин көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, унаа "HT Aero" деп аталат. Седан формасындагы унаанын үч эшиги жана эки отургучу бар. Унаа жолдордо жана абада айлана-чөйрөгө туруштук бере ала тургандай система менен жабдылган.

"HT Aero" төмөн бийиктикте учууга ылайыкталган. Рулдан тышкары кабинада абада кыймыл үчүн жойстик сыяктуу башкаруу баскычы бар. Унаанын узундугу 5,5 метр жана "Xpeng P7" моделине салыштырмалуу 50 пайызга жеңил. Абадагы унаа саатына 130 чакырымга чейин учат", - деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
souza.j
2021-10-25 21:41:51
Китай не перестает удивлять
+2
Taalaibek.
2021-10-26 08:04:10
Эн сонун! Биз качан завод жазайбыз жээ велосипед куруп чыгарабыз?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан