Түркияда токойго өрт койгонго шектелип Орус жарандары кармалды

Түркиянын Анталия шаарында Орусиянын жети жараны токойго өрт койду деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Анталиядагы Башкы консулдугунун маалыматына таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 23-октябрь күнү Чагларжа аймагындагы токойду өрттөөгө шектүүлөр кармалышты.

"Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, Башкы консулдук бул иш боюнча шектүүлөрдүн жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү үчүн протокол түзүшкөн. Аларга атайын котормочулар бөлүнүп берилген. Окуя болгон күнү Башкы консулдуктун кызматкерлери орусиялык жарандардын кармалышынын себептерин билүү үчүн жергиликтүү жандармерияга кайрылышкан. Ал эми 24-октябрь күнү жактоочулардын өтүнүчүнө карабай сот чечим чыгарган. Ага ылайык, орусиялык жарандар байкабай токойду өрттөгөн деп шектелип, камакка алынган.

Башкы консулдук жергиликтүү бийликке бул боюнча расмий маалыматты талап кылып, камактагыларга кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү талабы менен кайрылган", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин июль айынын аягында Түркияда токой өрттөрү катталган. Алгачкы токой өртү Манавгат аймагында 28-июлда орун алган. Анда 10 күн аралыгында өрттүн 21 очогу катталган. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болгондугу маалымдалган. Ал эми 1-августта Бодрум, Адана, Кайсери, Мерсин аймагында да токой өрттөрү катталган. Натыйжада Бодрумдагы бир канча мейманканадагы коноктор эвакуацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sajakat14
2021-10-25 21:44:29
Орусиянын жарандары эмнеге Туркиянын токойлорун өрттөй? Бул жерде дагы политика жатабы?
0
Tariel_tt
2021-10-26 00:03:09
Sajakat14,Кайдагы политика.Орустар Турцияга барганда маймыл менен чочконун денгеелине тушуп калышат. Мас болушуп шашлык жасашкан го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан