Бүгүн, 25-октябрь күнү Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады.
Өзбек басылмаларынын маалыматына ылайык, жалпысынан добуш берүүгө шайлоочулардын 80,4 пайызы катышкан. Жыйынтыгында 80,1 пайыз добуш менен Шавкат Мирзийоев жеңишке жетти.
Ал эми калган талапкерлер төмөнкүдөй добуштарга ээ болушту:
Элдик демократиялык партиясынан талапкер Максуда Варисова - 6,6 пайыз;
Улуттук кайра жаралуу партиясынан талапкер Алишер Кадыров - 5,5 пайыз;
Экологиялык партиядан талапкер Нарзулло Обломуродов - 4,1 пайыз;
"Адилет" партиясынан талапкер Бахром Абдухалимов - 3,4 пайыз.