Бишкектеги тойканалардын биринде актёр Өмүрбек Израилов менен актриса Айсанат Эдигееванын үйлөнүү тою өтүүдө.
Салтанатка эки жаштын жакындары, туугандары, чыгармачылыктагы жоон топ кесиптештери келди.
Тойдун ачылышында алгач актёр мырза достору менен кирип келип, андан соң ырчы Неля Айсанат Эдигееваны атасы менен алып кирип, жолдошунун колуна тапшырды. Тойдо тамадалык тизгинди актёр Анвар Осмоналиев башкарууда.
Белгилей кетсек, актёр менен актриса 20-октябрда баш кошушкан.