Залалдуу шишик менен күрөшүп жаткан келиндин акыркы каалоосу - кызы менен көрүшүү. Бирок күйөөсү ага каршы

Залалдуу шишик дарты менен күрөшүп жаткан Алина Батурова 5 жаштагы кызы менен көрүшө албай жатканын айтып кайрылуу жасады. Тышкы иштер министрлигинен 31 жаштагы бейтаптын өтүнүчү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдашат.

Белгилүү болгондой, Алина Батурова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасаган. Айтымында, ал эмчектин залалдуу шишик дартынын 4-стадиясы менен жабыркап келет. Андан тышкары мээде, боордо жана өпкөсүндө метастаздар бар. Учурда оор илдет менен күрөшүп жаткан Алина айым ар 4 саат сайын морфин алат. Бейтаптын күйөөсү Казакстандын Жамбыл облусунда жашап, кызын көрүүгө уруксат бербей, жардам берүүдөн баш тарткан. Бул убакыт ичинде Алина айым Бишкектеги ата-энесинин жардамы менен рак оорусу менен өз алдынча күрөшүүдө. Дарыгерлер бейтаптын ичер суусу түгөнөрүнө саналуу күндөр калганын белгилешкен.

Кызы менен көрүшүүнү каалаган бейтаптын маселесин Тышкы иштер министрлиги көзөмөлгө алды.

"Министрлик Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте бул фактыга керектүү бардык жагдайларды тактоо үчүн Алина Батурованын жолдошу менен ошондой эле апасынын туугандары менен, тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", - деп кошумчалашты мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bishkek-Kg
2021-10-25 21:56:12
Күйөөсү накта үч тамга экен.
+15
Nurlan1982
2021-10-26 13:03:48
Аллахым шыпаа бер,кызын коргонду насип кыл.
+12
suban78
2021-10-26 13:52:30
Алла Таалам ушул келинге ден соолук бер, оорусун берсен шыпаасын кошо бер. Эртерээк ооруну женип чыгып кызын корсун, бактылуу узун омур сурсун оомийин
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан