Суданда аскердик төңкөрүш болуп, өзгөчө абал киргизилди

Чыгыш Африкадагы Судан өлкөсүндө өзгөчө абал киргизилип, Эгемендүүлүк кеңешинин төрагасы Абдель Фаттах аль-Бурхан көз каранды эмес кеңешти жана убактылуу өкмөттү таркатып жибергенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Судан өкмөтүнүн бир нече министри камакка алынгандан кийин өлкөнүн борбору Хартумда массалык нааразычылык акциялары башталды. Көчөлөрдө атышуу болгону кабарланууда. Айрым маалыматтарга караганда, Хартумдун аэропорту жабылып, эл аралык каттамдар токтогон.

Ошондой эле эл аралык коомчулуктун бир катар өкүлдөрү Суданда болуп жаткан окуяларга тынчсызданып жатканын билдиришти. Араб өлкөлөрүнүн лигасы генерал Бурханды Судандагы башаламандыкты токтотууга чакырды. Африка биримдигинин комиссиясынын төрагасы Мусса Факи Махамат өлкөнүн министрлерин бошотуу керектигин айтты. Улуу Британия менен АКШ өлкөлөрү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн камакка алынышына тынсызданып жаткандарын билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми генерал Абдель Фаттах аль-Бурхан мындай кадамды саясатчылардын тирешинен улам жасагандыгы менен түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, 25-октябрь күнү өлкөнүн премьер-министри Абдалла Хамдук үй камагына алынганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bishkek-Kg
2021-10-26 06:46:59
Акшнын саясаты, кай жерде аскердик төңкөрүш болсо, ошол жерде акшнын оюну бар.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан