Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг компанияны каралоо аракеттери макулдашылган деп эсептейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Бизге жакшыраак болууга жардам берген ак ниет сынга каршы эмеспиз. Бирок биздин компанияны бурмалап, жаман көрсөтүү максатында уурдалган документтерди азыр көрүп жатабыз", - деп Цукерберг билдирген.
Буга чейин Фейсбуктун мурдагы кызматкери Фрэнсис Хауген ички документтердин он миңдеген барагын жашыруун көчүрүп алып, журналисттерге өткөрүп берген. Андан кийин "The Wall Street Journal" гезити бир нече айыптоочу макалаларды жарыялап, анда корпорациянын жетекчилиги колдонуучулардын коопсуздугуна көңүл бурбаганы айтылган.