Путин Наталья Орейрого Орусия жарандыгын берди

Латын америкалык ырчы жана актриса Наталья Орейро Орусиянын жарандыгын алды. Тиешелүү жарлыкка өлкөнүн президенти Владимир Путин кол койгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ырчынын уулу да Орусиянын жарандыгын алган.

2020-жылы ырчы Орусия жарандыгын алууну чечкенин айткан. Орейронун айтымында, ал биринчи каналдагы телеалпаруучу Иван Урганттын программасына баргандан кийин Орусия жарандыгын алууну каалаган. "Ал мага чет элдик аялдардын ичинен орус улутуна жакыны мен экендигимди айтты. Мен ага эч кандай күмөнүм жок деп жооп бердим. Анан мен Путин мага жарандык бериши керек эле дедим. Мен муну тамаша иретинде айткам", - деген Орейро.

Наталья Мариса Орейро Иглесиас Поджо Бурьер - уругвайлык актриса, ырчы жана дизайнер. Дүйнөлүк атактуулукту аргентиналык "Жапайы периште" сериалындагы башкы ролу алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-10-26 13:03:21
Алса алгандыр анын эмнеси кызык
0
JaneEr
2021-10-26 14:08:19
Мага да бербейби экен Рф гражданство))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан