Бишкек-Кара-Балта жолунда Мерседес-Бенц менен Ауди-80 унаасы сүзүшүп, бир аял киши каза болду

Бишкек-Кара-Балта унаа жолунда Мерседес-Бенц менен Ауди-80 унаасы сүзүшүп, бир аял киши каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 25-октябрь күнү саат 22:30 чамасында болгон.

"Мерседес-Бенц унаасы батыштан чыгышка карай бара жатып Ауди-80 унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Ауди-80 унаасынада жүргүнчү катары бара жаткан аял киши каза болгон. Ал эми ооруканага Аудинин айдоочусу жана Мерседес-Бенц унаасынан бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-10-26 10:52:34
Бишкек Кара-Балта жолу 65км кырсык канчанчы км болгонун кошо жазсаңар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан