Япониянын мураскер ханзаадасы Акисинонун кызы, ханбийке Мако карапайым жигитке турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ханбийке Мако Токиодогу эл аралык христиан университетинде чогуу окуган тайпалашы Кэй Комурого турмушка чыкты.
30 жаштагы ханбийке Мако буга чейин резиденцияда ата-энеси жана сиңдиси менен жашап келген. Эми ал "ханбийке" макамынан ажыратылды жана императордук үй-бүлөнү таштап кетти. Мындан ары Мако Комуро атын алып жүрөт.
Ханбийкенин карапайым адамга турмушка чыкканы коомчулукта терс реакция жаратканы айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, Мако менен Кэй Комуро 2012-жылдан бери тааныш. Буга чейин эле баш кошууну каалашкан. Бирок ханбийкенин карапайым адамга турмушка чыгуусуна каршылыктар болуп келген.
Түгөйлөр кийинчерээк АКШга көчүп кетишерин айтышкан.