Чүйдө жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-октябрь күнү саат 20:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунда белгисиз унаа жөө адамдар өтүүчү жолдон жаранды сүзүп, андан ары из жашырган. Кырсыктын кесепетинен 1963-жылы туулган жаран окуя болгон жерде каза болгон.
Териштирүү иштеринин натыйжасында жаранды Хундай-Портер унаасы сүзгөнү, аны Кант шаарынын 1963-жылы туулган тургуну Р.С. башкарып бара жатканы белгилүү болгон.
Окуянын чоо-жайын тактаган учурда айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп алгандан кийин унаасын үйүнө жашырып койгон. Бүгүнкү күндө айдоочу кошумча иликтөө үчүн Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, унаа айып короо жайына киргизилген.