Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Тышкы иштер министрлигине бир нече жылдан бери абакта жаткан түрк ишкери Осман Каваланы колдогон АКШ, Норвегия, Канада, Франция, Финляндия, Дания, Германия, Нидерланды, Жаңы Зеландия жана Швециянын элчилерин "персона нон грата" деп жарыялоону тапшырган.
Чет элдик басылмаларда жазылгандай, Эрдоган "элчилер Түркияны түшүнүшү керек же өлкөдөн чыгып кетиши керек" деп айткан.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары түрк бийлигинен камактагы бизнесмен Осман Кавалыны саясий себептерден улам камакта деп эсептеп, бошотууну талап кылышкан. Бул дипломатиялык жаңжалды жаратты.
Ал эми бүгүн Түркиядагы он өлкөнүн элчилери жаңы билдирүү жасап, Вена конвенциясынын мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөөгө милдеттендирген беренесин карманарын жарыялашты.
Андан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган дипломаттар ушинтип "артка кадам ташташты" деп эсептеп, мындан ары да өз билдирүүлөрүнө кылдаттык менен мамиле кыла беришерин билдирген.