ИИМ Ташиевдин Сузактагы үй-бүлөгө үйдүн ачкычын тапшырганын текшерет

БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Сузак районундагы бир үй-бүлөгө үй белек кылганын Ички иштер министрлиги териштирерин маалымдады.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Барпы айылындагы Муратовдун үй-бүлөсүнө жеке үйдүн ачкычы тапшырылганы тууралуу маалыматты Пери Орозбекова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Анда аталган турак жайды каржылоо жана куруу иштери Камчыбек Ташиев тарабынан жүргүзүлүп жатканы, андан ары Ташиевдин бир тууганы Шайырбек Ташиев №14 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого ат салышып жатканы белгиленген. Пери Орозбекова Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктуна таянуу менен, “...талапкердин жакын туугандары шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштери менен алектенген деп маалымдаган.

Орозбекова "жакшы, эми БШК буга кандай мамиле кыларын белгилейли, шайлоодо баары теңби же жокпу белгилүү болот", - деп белгиледи.

Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Сузак районунун Барпы айылындагы үй-бүлөгө үй белек кылганын текшерүүнү Ички иштер министрлигине жөнөткөнүн маалымдады.

ИИМ Камчыбек Ташиевдин Сузактын тургунуна үй бергенин текшерет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Nurlan1982
2021-10-26 12:59:16
Чукумай,териштирмей,ичи тардык,деги качан онолот экенбиз,берсе бергендир эми,жакшы иш кылыптырго,уй берип.кайрымдуулук кылып.
+3
Dembele84
2021-10-26 14:28:56
Nurlan1982, Текшериш керек ###### чукуп
+6
Antiradikal3
2021-10-26 19:32:02
Nurlan1982, Сооп иш кылса кылган чыгаар. Бирок шайлоо астында бул иш-чара отуп жатканы эртелеп эле шайлоонун угут иштери башталганы эмеспи?!

Жайында болсо бир жон эле. Же шайлоо откондон кийин болсо бир жон эле...

Бир ок менен эки коен атабыз деп ойлогон да Ташиевдер.......
+5
Apyn8793
2021-10-26 13:08:02
Азыр АКШга анан Текебаевке кызмат кылган адамдар Тащиевди тепкилеп эле жатып калышат))))
+7
ayzhan12
2021-10-26 13:21:25
Карга карганын көзүн чукумак беле
+3
Asmat84
2021-10-26 13:26:28
Пери Орозбекова колуңдан келсе сен да ушундай жакшылык иштерди жаса колуңдан келбейби бекем кысссып отур.
+6
AdylbekB84
2021-10-26 13:50:04
Ташиевдин бир тууганы депутаттыка койбош керек эле проблеманын баары мына ушунда болуп жатпайбы.
+8
Medina87
2021-10-26 14:19:06

Ал уй бир кундо эле курулбады да.
Кыш келгенче жылуу уйго киргизгенине кубанып куттуктабай, кайра Шайлоого шылтап Коро албастык кылуу Адамгерчиликке да жатпайт!
0
IOA
2021-10-26 14:29:32
Колунан келсе кайрымдуулук кыл,келбесе кысыып отур
0
bond02
2021-10-26 15:15:36
Бул жон гана Ташиев да законго баш ийет, Ташиевди да текшере алабыз деген оздору бийлик жактан коюлуп жаткан спектакль. Акырында Ташиев суттон ак болуп чыга келет.
+3
Mister-XXX
2021-10-26 17:47:15
Ташиев жакшы адам.Бирок шайлоого туугандарын катыштырбашы керек.
-1
Antiradikal3
2021-10-26 19:54:36
Бут подхалим дакансалар чогулуп алып, коллективно Ташиевдин артын тазалап баштапсынар..... Жийиркеничтуу......
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан