Иракта Кыргыз жараны каза болду. Сөөгү Багдаддын өлүкканасында

Ирактын Багдад шаарында Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта ал аталган шаарда эмгектенип жүргөнү жазылат.

"24-октябрда Ирактын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргыз жараны С.М. каза болгондугун, ал эми бул учурда маркумдун сөөгү Багдад шаарынын өлүкканасында жатканы кабарланды. Учурда бул окуя боюнча Ирактын Тышкы иштер министрлигинен расмий маалымат күтүлүүдө.

Бул маселе боюнча бардык иштер маркумдун жакындары менен тыгыз байланышта жүргүзүлүп жатат.

Маселе министрликтин көзөмөлүндө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Apyn8793
2021-10-26 14:47:18
Иракта эмне кылып журот кыргыздар?
+5
Tursunbaev1978
2021-10-26 15:20:39
Кыргыздын барбаган жери калбаптырда
+4
bekhaliev
2021-10-26 15:24:08
Дальнобойщик окшойт
+3
bazar
2021-10-26 23:03:07
Даватта жүрсө керек ал жакта.
0
Tariel_tt
2021-10-27 14:35:22
Спа салондо иштеген Кыргызстандык орус аял экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан