Ооганстандын калкынын жарымынан көбү кыш мезгилинде ачарчылыкка же азык-түлүк тартыштыгына туш болот.
Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВПП) биргелешкен отчётуна ылайык, кургакчылык, куралдуу кагылышуулар, COVID-19 пандемиясы жана экономикалык кризис оогандардын азык-түлүккө жетүүсүнө терс таасирин тийгизди. Отчёттун маалыматтары ФАОнун сайтында жарыялангандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, анын авторлору ачарчылыктын босогосунда турган ооган тургундарынын саны үстүбүздөгү жылдын апрель айына салыштырмалуу 37 пайызга өскөнүн баса белгилешкен.
Буга чейин Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бизли Ооганстанда орун алган акыркы окуялардын кесепетинен улам өлкөдө ачарчылык болушу ыктымал экенин айткан.